Жаңылыктар
УКМК Матраимовдун аты аталган коррупциялык иштерди иликтей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Матраимовдун аты аталган коррупциялык иштерди иликтей баштады

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы жемкорлук фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында Мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген”,- деп айтылат маалыматта. Учурда Бажы кызматынын 2016-жылдан берки ишмердигин текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытында ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.