Жаңылыктар
ЖЭБге көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБге көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталды

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

17-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, “Кыргызкөмүр” тарабынан көмүр жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан жемкорлук схемасы колдонулган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, көмүрдүн сапаты жакшы экенин тастыктаган лабораториялык чечим акчага жасалган. “Ушул сыяктуу коррупциялык иштер ЖЭБдин жабдууларынын бузулушуна себеп болуп, булганыч заттардын абага тарашына себеп болууда”,- деп айтылат маалыматта. Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.