Жаңылыктар
Сыймык Жапыкеев каржы полициясын жетектейт
Кыргызстан жаңылыктары
 Сыймык Жапыкеев каржы полициясын жетектейт

 Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Сыймык Жапыкеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Чоң-Казат" партиясы менен катышкан. Ага чейин аткаминерлердин коррупциялык иштери тууралуу айтып, митингдерде активдүү катышып элге таанылган. Мурда прокуратура органында иштеген.