Саламаттык сактоо министрлигинде вице-премьер-министр Аида Исмаилованын катышуусунда облустардагы саламаттык сактоо боюнча координаторлор жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери менен онлайн кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө коронавирустук инфекция боюнча облустардагы абал талкууланды. Координаторлор республикадагы COVID-19 илдети боюнча жалпы абал, дары-дармек жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, Ош, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында вирус жуктуруп алгандар көп катталып, эпидемияга каршы чараларды сакталбай, адамдардын массалык түрдө чогулуусу орун алып жаткандыгы айтылды. Адистердин айтымында, COVID-19 илдетин жуктуруп алуу кооптуулугу күч алып, анын жыйынтыгы эки жумалык инкубациялык мезгилде билиниши мүмкүн. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова бардык жетекчилер жеке коргонуу каражаттары, меджабдуулар, дары-дармектер жетиштүү деп айтканы менен айрым маалыматтарга караганда, мүчүлүштүктөр орун алып жатканын билдирди. Ошондой эле, бейтаптарды дарылоо маселесине тыкыр мамиле кылууну жна инфекциялык көзөмөл боюнча ишти күчтөндүрүүнү талап кылды.