Өткөн суткада Кыргызстанда 470 кишиден коронавирус табылып, 221 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Бишкекте – 98, Ош шаары боюнча– 38, Чүй облусу – 32, Ош облусу – 97, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 17, Жалал-Абад облусу – 98, Баткен облусунан – 82 адам жуктуруп алган. Ушуну менен коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 51 миң 490го жетти. Анын ичинен 45 миң 509 бейтап оорудан сактайлы. Ошондой эле коронавирустан беш киши көз жумду. Жалпысынан алганда коронавирус өлкөдө бир миң 108 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта 2 миң 353 адам стационарларда, 2049 киши амбулатордук шартта дарыланып жатат.