Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн эл аралык эки телеканалга интервью берди. Аль-Жазира менен Россия 1 телеканалынын журналисттерин Кыргызстандын келечеги, эл аралык мамилелер, өлкөлөр аралык кызматташтык сыяктуу олуттуу суроолор кызыктырган. Көп улуттуу Кыргызстан өлкөсүнүн келечегине кайдыгер эместиги үчүн өкмөт башчы,президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров эл аралык телеканалдардын журналисттерине ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн бар аракетин жумшаарын айтты,деп билдирди Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Дастан Дүйшекеев.