Жаңылыктар
БШК: Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал
Кыргызстан жаңылыктары
БШК: Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Парламентке кайра шайлоону Боршайком дайындагандан баштап эки ай ичинде өтүшү керек. 

Ал ошондой эле конституциялык мыйзам боюнча учурда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катыша албай турганын айтты. Мыйзам боюнча мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Бирок ал кеңешме аркылуу чечилиши керек. Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо үч ай аралыгында өтүүгө тийиш.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, президенттик жана парламенттик шайлоону бир өткөрүүгө мыйзам жол берет. Анын айтымында, Конституция боюнча парламенттик шайлоо эки айдын ичинде, президенттик шайлоо үч айдын аралыгында өткөрүлүшү шарт. 

"Парламенттик шайлоону БШК дайындайт, ал эми президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш бекитет. Эки субъект кеңешип көрүп чечим кабыл алышы керек", — деди Шайлдабекова. Ошондой эле ал президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров шайлоого катыша албай турганын кошумчалады.