Доллардын кымбатташы менен өлкөдө айрым азык-түлүккө болгон баалар кымбаттады. Анын ичинде май менен эттин баасы өстү. Былтыркы жылга салыштырмалуу эттин наркы 120 сомго чейин кымбаттады. Адистер анын себебин бодо малдын жана майда жандыктардын сыртка аткезчилик менен ташылып жатканына байланыштырууда.
Чет өлкөгө малды экспорттоо үчүн тиешелүү уруксат документтерин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция берет. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Сай айылындагы асыл тукум ферма малды коңшу өлкөгө экспорттоого дал ушул уруксат барагына ээ болгон. Алар 97 бодо малды текшертти. Эми Өзбекстанга эскпорттолот.