Көмүрдүн наркын көзөмөлдөө боюнча долбоор даярдалды. Ал өкмөт тарабынан кабыл алынса көмүрдүн баштапкы наркы, жолго кеткен чыгым, сатуучулардын пайдасы толук эсептелип, бирдиктүү баа кабыл алынат. Учурда айрым сатып алуучулар баа жогору болуп жатканын айтышууда.
Бишкектеги көмүр сатуучу жайларда соода кызуу жүрүп жатат. Кышка камылга быйыл эрте башталгандай. Сатып алуу үчүн келгендер баа салыштырмалуу жогору болуп жатканын айтышууда. Бишкектеги кампалардын көпчүлүгүндө учурда “Кара-Кеченин” гана көмүрү бар. Анда иштегендер өзүлөрү тарабынан нарк негизсиз жогорулатылбаганын, ташып келгендер гана бааны көтөрүп коюшканын билдирип жатышат.