Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө жылына бир жарым миллионго жакын кыз-келин көкүрөк рагы менен жабыркап, анын кесепетинен 600 миңден ашык аял көз жумат. Ошондой эле, бир жылда жатын моюнчасынын рагы менен ооруган 528 миң аял катталган. Анын жарымынан көбү оорунун айынан кайтыш болууда.
Ошондуктан, дарыгерлер бардык айымдарды жылына эки жолу маммографиядан өтүп турууну сунаштайт. Мындан улам, көкүрөк рагына каршы октябрь айында бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да "күлгүн октябрь" акциясы уюштурулуп келет.
Жыл сайын жатын моюнчасынын рагы 270 миңден ашуун аялдын өмүрүн алат. Бул оорунун келип чыгышына папиллома вирусу себеп болот. Эгерде өз маалында диагноз коюлуп, убагында туура дарыланса, оорудан айыгып кетүүгө толук мүмкүн. Ошондуктан дарыгерлер бардык кыз-келиндерди текшерүүдөн өтүп турууга чакырышат.