Камчыбек Ташиев Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн кол койду.
Ушул эле күнү ал журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, УКМКны жетектөөгө өлкөдөгү коррупция, бандитизмге каршы күрөшүү үчүн келгенин билдирди. Ошол эле учурда ал чек арадагы контрабандалык иштерди токтотуп, жемкорлорду он эселеп төлөтүүгө убада берди.
Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мындан ары жемкорлорду камагандын ордуна алардын жеген акчаларын эселеп чыгарып, мамлекеттик казынаны толтурат. Атайын кызматты жетектөөгө Камчыбек Ташиев мындан ары өлкөдө коррупционер болуу пайдасыз экенин экскертти.