Ош облусунда милициянын көчмө түйүндөрү иштеп жатат. Облусттук ИИББнын маалыматына ылайык, көчмө кабылдамалар райондук администрация башчылары менен биргеликте иш тартибин түзөт. Андан кийин, түйүндөгү мобилдик бригадалар айылдарды кыдырып, жарандардан арыздарын жеринен кабыл алат.
Мындай кабылдамадан дубандын аймагында жетөө иштеп жатат. Мында жарандар кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузуулардан башка күнүмдүк турмуш тиричиликке байланыштуу маслелер боюнча да кайрылса болот. Арыз-даттануулар тийиштүү бийлик органдарына жөнөтүлөт.
Максаты, кылмыштуулуктун алдын-алуу, жарандардын жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу. Соңку 9 айдын ичинде 837 атуулдан ар кандай мазмундагы арыздар жолдонсо, мунун учурда 400дөйүнүн маселеси каралууда.