Мамлекетте үчүнчү ирет төңкөрүш болду деген сөзгө калбай, бийлик тынчтык жолу менен алмашууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.
Бүгүн тарыхый учурга күбө болуп отурасыздар. 5-6-октябрдагы окуяларды турукташтырууга аракет жасабай, үйлөрүбүздө жатып алганда бүгүн мынтип отурбайт элек. Кудайга тобо эч кандай талап-тоноого, басып алууга алып барбай, мамлекетте үчүнчү ирет төңкөрүш болду деген сөздү калтырбай ушундай тынчтык жолу, мыйзамдуу жол менен бийлик алмашып жатканына ыраазы болушубуз керек. Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга, ички жана тышкы саясат мурда кандай келе жатса, бардык күч-аракетимди ошондой улантууга жумшайм - деди Жапаров.