Кайрадан мандатка ээ болгон депутат Өмүрбек Текебаев алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
"Президенттик шайлоону үч айдын ичинде, парламенттик шайлоолорду 60 күндүн ичинде өткөрүү керек. Мен экөөнү бир күндө өткөрүүнү сунуштайм. Буга мыйзам жол берет. Мында биз акча каражатын гана үнөмдөп калбастан, саясий стабилдүүлүктү да тез орнотууга жетишебиз", — деди Текебаев.
Өмүрбек Текебаев ошондой эле мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер-министр алдыдагы президенттик шайлоого катыша албай турганын, бул адилеттүү чектөө экенин белгилеп, эч ким өз макамынан пайдаланып кетпесин деген чектөө Баш мыйзамда так жазылган - деди.