Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы сакталып калат
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы сакталып калат

Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы сакталып калат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. 

"Кечээ Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан баш тартты. Мындай оор чечимди элдин каны бөөдө төгүлүп кетпесин деп кабыл алганын өзүнүн билдирүүсүндө жарыя кылды. Мындай кадамга ал элдин кызыкчылыгын, өзүнүн кызыкчылыгынан өйдө койгондугу үчүн барды деп ойлойм", - деди Төрага. 

Ал Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетип жаткандыктан анда экс-президент макамы сакталып калаарын белгилеп өттү. Ушул эле жыйында депутаттык ишине кайрадан киришкен "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды Сооронбай Жээнбековду кордобоого чакырды. Текебаев "Мен кыргызстандыктарга кайрылгым келет, кызматтан кеткен президент Сооронбай Жээнбековду кордогонго жол бербейли. Ал өз иши үчүн тарых алдында, мыйзам алдында жооп берээр", - деп айтты.