"Мен үчүн өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик". Туура үч жыл президенттик кызматты аркалаган Сооронбай Жээнбеков бүгүн өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, Жээнбековдун кызматтан кетүү боюнча арызы кабыл алынды.
Мыйзам боюнча президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткармак, бирок Канатбек Исаев учурдагы коомдук-саясий кырдаалды эске алып жана парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү юридикалык жактан аяктап бара жатканына байданыштуу бул укуктан баш тартканын билдирди. Эми Президенттин милдетин убактылуу аткаруу премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү.
Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып берди. Элинин биримдиги, мамлекеттик бутундугу үчүн ушундай чечим кабыл алганын алганын айткан Жээнбеков өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экенин дагы бир ирет белгиледи.