Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Бул маалыматты Ош облустук сотунун маалымат кызматы тастыктады. Ага ылайык, Матраимов облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Натыйжада 13-октябрь күнү Матраимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.
Эске салсак, Тилек Матраимов жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган. Коңшу өлкө аларды 9-октябрда Кыргызстанга өткөрүп берген.
Алар чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен айыпталууда. Ош шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып, бир айга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечими чыккан.