Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда президент да, парламент төрагасы да кызматтан кеткенин жарыялады. Ал кечинде эски аянтта чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөп жатып, "Бардыгы ордуна келди. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канат Исаев анын милдетин аткаруу мүмкүн эмес экен деп, өзүнүн арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген кызмат мага өттү"-деди.