Акыркы эки күндөн бери өлкөдө доллардын сомго карата куну өсүүдө. Акча алмаштыруучу жайларда бүгүн бир доллардын баасы 80 сом 50 тыйынга чейин сатылды. Адистер чет элдик валютанын наркы дагы да жогорулашы мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Ал эми Улуттук банк сомдун баасын бир калыпта кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлөөрүн белгиледи.