Жаңылыктар
Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтотту

Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РБК басылмасы Россиянын Каржы министрлигиндеги булактарга таянып кабарлады. 

Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдөгү кырдаалдан улам кабыл алынган. "Россия Кыргызстандагы саясий кырдаал турукташып, бийлик органдары толук кандуу иштегиче каржылык колдоо көрсөтпөй туруу чечимин кабыл алды", — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, 2019-жылы Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 30 миллион доллар бөлгөн. 2005-жылдан бери өнөктөш мамлекет Кыргызстандын 700 миллион доллардан ашык карызын кечкен. 2012-жылы Москва Бишкекке 250 миллион доллардан ашык өлчөмдө кайтарымсыз грант берген.