Эртен, 16-октябрь саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт.
Күн тартибинде Президенттин отставкасы каралат. Мыйзам боюнча Президент мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен учурда анын арызын парламент кабыл алат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин регламентинде жазылган.