Кыргызстандын Конституциясына ылайык президент кызматтан кеткенден кийин анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев.
Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда президенттин ыйгарым укуктарын премьер-министр же премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат, - деп жазылган Конституцияда. Ошол эле учурда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.
Конституцияга ылайык, президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.
Эскерте кетсек Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.