Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери аткарылууда. Мерчемделген объектилердин арасынан кечиктирилгис жумуштар аткарылышы зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө.
Эскерте кетсек, табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багыты - атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жумуштары.
Биринчи багыт боюнча 2020-жылга карата болжолдуу мерчем боюнча 54 объектиде жумуш аткаруу каралып, 9 айына карата 32 объект пайдаланууга берилген: 5 көпүрө,1 жөө адамдар өтүүчү көпүрө, 8 шпора, 4306 пм дамба, 131 метр темир бетон коргоочу тосмо курулду жана жана селканаларды тазалоо боюнча 35600 м3 жер жумуштары аткарылган. Иш чаранын натыйжасынды 2966 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду, ал эми 9456 кожолук жана 3974 га айыл чарба аянттары,1 мектеп табигый кырсыктардан корголду.
Ал эми “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” багытында 2020-жылга карата 312 обьектиде иш аткаруу мерчемделип, 9 ай ичинде 279 объектиде иш бүткөн жана 25 объектиде иш улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында табигый кырсыктан 11 129 кожолук, 15021 га чарба үлүш жерлери, 14 мектеп, 8 бала бакча, 6 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана,1 стадион, 8 көпүрө, 1 насостук станция, 2 трансформатор 7 турак үй дача, 1 суу түтүкчө корголуп, 400 метр автоунаа жол, 1,4 км ички чарбалык жол кардан тазаланган.
Жалпысынан 366 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, анын ичинен 311 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 20 585 кожолук, 18 995 га чарба аянттары, 14 мектеп, 8 бала бакча, 6 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 8 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө табигый кырсыктан корголуп, 2966 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болгон.