Жаңылыктар
Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын жанында митинг өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын жанында митинг өтүүдө

Мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан, Бишкектин түштүк жагындагы "Ысык-Көл" мейманканасынын жанында митинг өтүүдө. 

Акцияга чыккандардын талаптары өзгөргөн жок. Жеринде иштеп жаткан кабарчыбыз билдиргендей митингчилер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына кирүүнү пландап жатышат. Кечээ, 14-октябрда, Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп, аны президент Сооронбай Жээнбеков бекиткен. 

Кечээ Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, Жээнбековго кызматтан кетүүнү сунуштай тургандыгын айтып, элдин тынчтыкты сактап турушун суранган. Ал эми мамлекет башчынын маалымат кызматы Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөргөн соң кызматын тапшыра тургандыгын билдирди.