Жаңылыктар
Кыргызстан менен Израил дарыгерлеринин пандемия шартындагы кызматташтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Израил дарыгерлеринин пандемия шартындагы кызматташтыгы

Кыргызстан менен Израилдин дарыгерлери пандемия маалында дарылоо боюнча бир нече жолу онлайн жыйын өткөрүшкөн. Эми тараптар медицина тармагында кызматташууну дагы да өнүктүрүүнү көздөп жатат. Израилдеги Кыргызстандын Ардактуу консулу Дмитрий Шкаф жергиликтүү медициналык борборлорго барып, келечекте биргелешип иштөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ооруканадагы бул жолку жолугушуу өзгөчө маанайда болду. Израилдеги Кыргызстандын Ардактуу консулу Дмитрий Шкаф кыргыз кесиптештери менен кызматташкандыгы үчүн жергиликтүү медициналык борбордун дарыгелерине Ардак грамота тапшырууга барган. Акыркы бир нече ай аралыгында Израилдик дарыгерлер Бишкектеги кесиптештери менен он-лайн консультацияларды өткөрүп, Ковид-19 менен күрөшүүнүн заманбап ыкмалары менен бөлүшүп келген.