ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү болгон баш аламандык учурунда жарадар болгон милиция кызматкерлеринин ден соолугунан кабар алып келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күнү ар кандай жаракаттарды алган 621 милиция кызматкерлери медициналык жардам алып жатат. Алардын ичинен 176 кызматкер стационардык түрдө, 446 кызматкер амбулатордук дарыланууну алууда. Ал эми ИИМдин Бейтапканасында 46 милиция кызматкери дарыланууда. ИИМдин Коомдук кеңеши өздөрү менен кошо алып барышкан минералдык суусундуктарды, 150 бет кап, жеке коргонуучу каражаттарды, кол каптарды милиция кызматкерлерине тапшырышты.
Бейтапканага барган учурунда жабыр тарткан милиция кызматкерлери Коомдук кеңештен бир катар маселелерди чечүүгө көмөктөшүп коюну айтышты: кенемте төлөө, жеке лабораторияларда акысыз анализдерди тапшыруу. Коомдук кеңештин мүчөлөрү ИИОнун бардык кызматкерлерине моралдык жана укуктук жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти. ИИМдин Коомдук кеңеши жалпы кыргыз элине кайрылып, республикада мыйзамды жана конституциялык тартипти сактоого чакырат.