Жаңылыктар
Мамлекеттик чек ара кызматы: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик чек ара кызматы: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Мамлекеттик чек арада абал туруктуу жана чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул күндөрү Кыргызстандын Чүй тилкеси боюнча чек ара өкүлчүлүгүнүн Казакстандын Кордай тилкеси боюнча чек ара өкүлчүлүгү менен жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө мамлекеттик чек араны жана анын тартибин бузууга жол бербөө маселеси талкууга алынды. 

Жолугушууда мамлекеттик чек арада кырдаал курчуп кеткен учурда өз ара аракеттешүү планын, ошондой эле кыргыз-казак чек ара тилкесинде биргелешкен кайгуул жүргүзүү планы такталды. Маалымат алмашуу маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. Мындай жолугушуулар мамлекеттик чек аранын бардык тилкелеринде өткөрүлдү. Кыргызстандын чек ара өкүлчүлүктөрү коңшулаш мамлекеттердин чек ара өкүлчүлүк аппараттары менен ар дайым өз ара аракетте.