Жаңылыктар
Кыргызстандын жаш саясатчылары өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын жаш саясатчылары өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданууда

Кыргызстандын идиректүү жаш саясатчылары өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга тынчсызданууда. Мындан улам алар атайын билдирүү менен чыгышты. 

Алардын пикиринде азыркыдай оор кырдаалда биринчи кезекте өлкөнүн туруктуулугун сактап калуу жана мындан ары өнүгүшүн камсыздоо башкы орунда. Мындан улам алар бардык саясий күчтөрдү диалогго чакырды. Жаш саясатчылар бул кайрылууга саясий партиялардын тиешеси жок экендигин кошумчалап, кандай гана кырдаал болбосун жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

Ошондой эле, өлкөдө болуп жаткан окуяларды мыйзамдуу жол менен гана чечип, кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык саясатчыларды ынтымакка чакырышты.