Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Паспорттогу улуту деген графа кайра кайтарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Паспорттогу улуту деген графа кайра кайтарылат

Паспорттогу улуту деген графа кайра кайтарылат. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы маалымат жыйынында жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров билдирди. 

Ал белгилегендей, ким кааласа графага улутун жаздырып алса болот. Каалабаган жарандар улуту деген графаны бош калтырып деле койсо мүмкүн экенин айтты. Өзгөртүү үчүн мамлекеттик каттоо кызматы 60 күндөн 90 күнгө чейин убакыт сураганын Жапаров маалымдады. 

Ал ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Канттагы россиялык авиабаза тууралуу келишим кайра каралышы мүмкүнбү деген маселеге кайрылды. Өкмөт башчы келишим мурда кандай болсо, ошондой кала турганын белгилеп, Россия Кыргызстандын башкы стратегиялык өнөктөшү экенин билдирди. Жапаров өкмөт учурда кечиктирбей аткара турган алдыдагы пландарга да токтолду.