Бактияр Алиев бир добуштан Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп шайланды. Буга чейин ал КТРКнын республикалык телерадиоборборунун директору болуп иштеп келген.
Эскерте кетсек, буга чейинки башкы директор Жайнак Үсөн уулу өз арызы менен кызматынан кетип анын ордуна Байкоочу кеңеш өздөрүнүн мүчөсү Жылдыз Бакашованы директордун милдетин аткаруучу кылып шайлаган. Андан кийин каналдын убактылуу координатору милдетин Мирлан Самыйкожо аткарып, бүгүн Жылдыз Бакашова КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берди.