Базарда азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Былтыркыга салыштырмалуу учурда кунүмдүк керектелүүчү азыктардын баасы жогору. Өзгөчө кум шекер менен суу майдын жана эттин наркы кымбаттады. Адистер муну товарлардын сырттан импорттолушуна байланыштырууда. Түшүм жыйналган күз айларына карабай азык-түлүктүн баасынын кымбат болушу калк арасында нааразылыктарды жаратууда.