Жаңылыктар
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Кыргызстан жаңылыктары
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Юстиция министрлиги жарандар колдонгон мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө өткөрүүнү улантууда. Кызматтардын электрондук түргө өткөрүлүп жатканы карапайым калктын жашоо-турмушун жеңилдетүүгө багытталган. Азыркы тапта бир катар маалыматтык тутумдар ишке кирүү алдында турат. 

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди. Алар, “юридикалык жактарды онлайн каттоо”, “Электрондук нотариат”, “Пробация” жана "Бирдиктүү портал”. Электрондук түргө өткөн бул кызматтарды иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул аракеттерди ишке ашырууга Эл аралык уюм каржылык көмөк көрсөткөн. Бул каражаттарга
дизелдик генератор жана сервер камсыз кылынган.