Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынында кайрадан өкмөттүн курамын шайлады. Бул ирет мыйзам жана регламент так сакталып, процедуралык мүчүлүштүктөр болгон жок. Жыйынга чогулган сексенден ашуун эл өкүлү бир добуштан Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына шайлап, Өкмөттүн курамы менен програмасын колдоду.