Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кызматынан кетти. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Урматтуу кесиптештер, бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем", - деп жазган Ибраим Нуракун уулу.