Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына шайланды. Ошону менен катар өкмөттүн ал сунуштаган курамы жана структурасы жактырылды. Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирип, тизмеси жарыяланды.
Өкмөттүн жаңы курамы толук бойдон төмөндөгүдөй:
Премьер-министр - Садыр Жапаров
Биринчи вице-премьер-министр – Артем Новиков
Вице-премьер-министр – Равшан Сабиров
Вице-премьер-министр – Максат Мамытканов
Вице-премьер-министр – Аида Исмаилова
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси – Бактыбек Аманбаев
Экономика министри – Санжар Муканбетов
Каржы министри – Кыялбек Мукашев
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Эркинбек Чодуев
Транспорт жана жолдор министри – Бакыт Бердалиев
Юстиция министри – Марат Джаманкулов
Тышкы иштер министри – Руслан Казакбаев
Ички иштер министри - Улан Ниязбеков
Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажыбеков
Саламаттык сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев
Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Улукбек Кочкоров
Маданият, маалымат жана туризм министри – Нуржигит Кадырбеков
Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети – Жыргалбек Сагынбаев
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети – Алтынбек Исмаилов.