Жаңылыктар
Арча-Бешик конушундагы 258 үй таза суу менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Арча-Бешик конушундагы 258 үй таза суу менен камсыз болду

Арча-Бешик турак-жай конушундагы Эр-Тайлак жана Чортеков көчөлөрүндө таза суу түтүктөрү  толугу менен бүттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тармактардын узундугу 510 метрди түзүп, 258 турак үй таза суу менен камсыз болгон.

Мэрияда эскертилгендей, борбордук мэриянын капиталдык курулуш мамлекеттик администрациясы жарыялаган сынагынын жыйынтыгы боюнча, подрядчик - Гигаком курулуш компаниясы аныкталды.

Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 2 миллион 305 миң 377 сомду түздү.