Парламенттеги коалициялык көпчүлүк Садыр Жапаровду өкмөт башчысына жана анын өкмөтүнүн программасы, курамы жана стурктурасын бекитти.
Парламенттин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Көпчүлүк коалициянын жетекчиси Иса Өмүркулов чечим Жогорку Кеңештин комитеттерине жана парламент төрагасынын кол коюусуна жиберилээрин айтты.
Коалициялык көпчүлүктүн курамына КСПД, "Республика - Ата-Журт", "Кыргызстан", "Бир Бол" фракциялары кирет. Белгилей кетсек, депутаттар 10-октябрда кезексиз жыйынга чакырып премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду шайлаган. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков документти парламентке кайра кайтарган жана анын себебин, өкмөт башчыны дайындоонун мыйзамдуулугунда талаш жаралбашы керектиги менен түшүндүргөн.