Жаңылыктар
Токмокто оор кылмышка шектелип качып жүргөн жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Токмокто оор кылмышка шектелип качып жүргөн жаран кармалды

Токмок шаарында оор кылмышка шектелип качып жүргөн жаран кармалды. Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 2020-жылдын 6-октябрь күнү мурда бир нече жолу соттолгон 27 жаштагы К.Т. атту жаран кармалган.

2020-жылдын март айында ИИОнун кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиинин 138-беренеси боюнча материал катталган. Анда 27 жаштагы К.Т. досу 27 жаштагы М.А. экөөсү мас абалында 32 жаштагы жаранды ур-токмокко алышкан. Денесине алган ар кандай жаракаттардан улам 32 жаштагы жаран эсине келбей каза болгон. 

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн бири М.А. кармалып, экинчиси из жашырып кеткен. Качып кеткен шектүүнүн өздүгү такталып, ага карата издөө жарыяланып, сот органдары тарабынан сырттан камакка алуу чечими кабыл алынган. Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир нече ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү жаран жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда анын башка да кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.