Жаңылыктар
ӨКМ: Чүй облусунун аймагында өрттүн саны 51,2 пайызга азайды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Чүй облусунун аймагында өрттүн саны 51,2 пайызга азайды

2020-жылдын 9 ай ичинде Чүй облусунда 458 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 51,2% азайды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Өрттүн кесепетинен 5 адам каза болуп, 9 адам өрттөн жабыркаса, өткөн жылы 9 ай ичинде 11 адам каза болуп, 10 киши жабыр тарткан. Өрт кырсыгынын  кесепетинен материалдык чыгым  29 млн. 433 миң 450 сомду түзгөн, ал эми өрттөн  930 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.  255 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 55,6 % түзгөн.

 Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 48%;

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 11 % 

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 12,2 % 

- балдардын от менен ойноосунан – 3,7 %;

- тамеки чегүүдөгү этиятсыздык – 10,9 %  өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жайыл району - 53;

- Токмок шаары жана Чүй району – 73;

- Аламүдүн району – 76;

- Ысык-Ата району – 81;

- Кемин району – 21;

- Москва  району – 52;

- Панфилов району – 24;

- Сокулук району – 78.

Маалымат ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан дайындалды. Ошондой эле, өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарылдыгы эскертилди. 

  • бузук электр орнотмолорун колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла.