Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардан 368 кожолук корголду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардан 368 кожолук корголду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу-планына 3 объектте иш мерчемделип, 9 ай ичинде 1 объектте жумуш жүргүзүлүп 1-этабы аяктаган. 

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы Болжолдуу-планына 25 обьект киргизилип, 23 объектиде иш бүткөн жана 2 объектиде иштер улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында 368 кожолук жана 8 га чарба үлүш жерлери, 1 мектеп, 1 ФАП,1 көрүстөн корголду.