Жаңылыктар
Премьер-министр люстрация процессин тездетүү максатында бир катар кадрдык чечимдерге кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер-министр люстрация процессин тездетүү максатында бир катар кадрдык чечимдерге кол койду

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. 

Премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык: 

- Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды; 

- Ниязбеков Уланбек Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

- Абдылдаев Сагынбек Токонович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды;

- Эгембердиев Аскат Раимжанович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

- Ашимбаев Сабыркул Абасович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;