Жаңылыктар
Ооруканаларда жеке коргонуу каражаттар, дары-дармектер жетиштүү
Кыргызстан жаңылыктары
Ооруканаларда жеке коргонуу каражаттар, дары-дармектер жетиштүү

Азыркы тапта ооруканаларда жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 

Айтымында, тумоого чалдыккандардын саны өсүп кетсе, запастар тез эле түгөнүп калышы ыктымал. Бирок камдалган дары-дармектер 2 айга, айрым аймактарда 3 айга жетет. Каратаев тумоого чалдыккандар төртүнчү протоколго ылайык дарыланып жатканын билдирди. Бул протоколду талкуулоого россиялык жана башка чет өлкөлүк дарыгерлер катышкан.