Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз жыйынында Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Төраганы шайлоо үчүн жашыруун шайлоо уюштурулуп, шайлоого 80 депутат, айрымдары ишеним кат аркылуу катышты. Канатбек Исаевдин талапкерлигине 78 депутат макул, 2 депутат каршы деп добуш берген. Эске салсак, Канатбек Исаев Жогорку Кенештин төрагалыгына жалгыз талапкер болду.