Жаңылыктар
УКМК: Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөргөн жок
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөргөн жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча соттун чечиминин негизинде УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалым болгондой учурда 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча иш сотто каралууда. 

"5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон окуялар учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна карата басым болуп, ал баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча токтомго кол койгон. Ал факт боюнча мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө жана аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча маселе каралууда", - деп билдирет УКМК.