Жаңылыктар
Ош шаарында санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду

Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин бир нече жолу бузулушунан улам 5 ресторандын иши убактылуу токтотулду.
Шаардык прокуратура, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан түзүлгөн мобилдик топтор менен биргеликте рейддик иш-чараларды күчөтүү учурунда «Мээрим», «Ала-Тоо», «Энесай», «Хан Ордо» жана «Ак Кайын» ресторандарынын ишин токтотту.

Алардын ишин калыбына келтирүү мыйзам бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын чегинде чечилет.
Белгилей кетсек, мобилдик топтор тарабынан санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузгандардын бардыгына карантин мезгилинде үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүгө тыюу салынган, бир нече жолу эскертүүлөр берилген.

Ош шаары боюнча 7 мобилдик топ бар. Учурда жугуштуу оорунун жайылышынан улам күчөтүлгөн тартипте иштеп, текшерүүлөр баардык аймактарда жүрүп жатат.