Улуттук банк SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматынан кабарлашты.
Коммерциялык банктар бүгүндөн тартып коммерциялык банктардын жана алардын кардарларынын пайдасына кирген бардык төлөмдөрдү кабыл ала баштайт. Чек ара аркылуу чыккан төлөмдөр товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мурда түзүлгөн жана банктарга берилген келишимдер боюнча Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кардарларынын операциялары (юридикалык жактар, жеке ишкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар) боюнча гана жүргүзүлөт.
Мында төлөмдөрдүн суммасы ошол кардарга мүнөздүү болгон орточо деңгээлден ашпоого, ал эми келишимдер кардардын кадимки ишине таандык болууга тийиш.