Сапар Исаков, Албек Ибраимов менен Куланбаев абакка кайта элек. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей алар бешинен 6-октябрга караган түнү камактан мыйзамсыз бошотулган.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 6-октябрда түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра жазасын өтөгөн мекемелерге кайтып келбегендерге кайрылат. Абак жайларына кайтуу боюнча талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүшөт.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Төлөгөнов, Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылды.