Ошто мындан ары, көп киши топтоп, санитардык талапты сактабаган тойканалар эскертүүсүз жабылат. Ал эми, 60дан жогорку курактагы мамлекеттик кызматкерлерге аралыктан иштөө сунушталды. Ошол эле маалда, Кара-Сууда ачылган жаңы жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган бейтаптардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.
Эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп баратканына байланыштуу Ошто кошумча орундардуктар ачылууда. Ак-Тилектеги № 52 мектеп лицейинде окуу токтотулуп, 50 койкага ылайыкталган амбулатордук-стационар ишке кирди. Жалпы дарылоочу жай, кычкылтек концентратору, өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппарат сыяктуу керектүү медициналык каражаттар менен камсыздалды.