Жаңылыктар
Кара-Кече көмүр кени кадимки калыбында иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кече көмүр кени кадимки калыбында иштөөдө

Кара-Кече көмүр кени кадимки нукта иштеп жатат. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевдин айтымында, көмүр кенинен бир күндө орто эсеп менен 3500 тоннага чукул көмүр сыртка чыгарылууда. 

"Күткөн кезектин мөөнөтү 1-2 суткадан болуп жатат. Алар убактылуу жол менен каттоодо, анткени аймакта кооптуу жерлер бар",- деди ал. Азыркы тапта көмүр казган тилкеде 15 самосвал, жети экскаватор, бир бульдозер, үч жүктөөчү техника иштеп жатат. 

Мамлекеттик ишкананын маалыматына ылайык, убактылуу жолдо автоунаалардын эки тараптан бирдей учурда жүрүшүнө кыйынчылык жаралып, кээ бир бурулуштар коопсуздук талабына жооп бербейт. Мындан улам мекеме маселени чечүү үчүн Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылган. 

Эске салсак, бир нече күн мурда жер көчкү жүрүп жол тосулуп калгандыктан, көмүр ташуу үчүн убактылуу жол салынган болчу.