Жаңылыктар
Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.

 2020-жылдын 7-октябрынан тарта, муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда. 

Ооруканага  жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.

Коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн, ооруканада жалпы  538 орун даярдалган.